«Чыгыш-5» кичи районунда эки адам бычакталып, батир өрттөлдү

  • 8 месяцев мурун

Бишкектин «Чыгыш-5» кичи районундагы үйлөрдүн бириндеги батирде эки адам бычакталып, өрт чыккан. Окуя 29-сентябрга караган түнү болгон.

Анда 19, 22, 21 жаштагы кыздар жана балдар батирди ижарага алып, эс алышкан. Араларында чыр чыгып, эки адам бычакталган. Жабырлануучулар ооруканага жеткирилген. Милициянын маалыматына караганда, шектүү кылмышты жашыруу үчүн батирди өрттөп салган.

Бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин «Ден соолукка атайылап оор залал келтирүү» беренеси менен кылмыш иши козголду. Свердлов райондук милициясы кылмышка шектүүнү (З.З.,) кармап, убактылуу кармоочу жайына киргизди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты