Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган кыргыз-казак эл аралык форуму өтөт

  • 1 год мурун

Бишкек шаарында январь айынын аягында Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган кыргыз-казак эл аралык форуму өтөрү күтүлүүдө.

Эл аралык форумду уюштуруу боюнча бүгүн, 11-январда, мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов жыйын өткөрдү. Жыйыынга Улуттук илимдер академиясынын вице-президенти, академик Чолпонкул Арабаев, Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Акматалиев, ошондой эле президенттик администрациянын тиешелүү бөлүм башчылары катышты.

Кыргыз-казак эл аралык форумуна Казакстан сенатынын төрагасы Маулен Ашимбаевдин, маалымат жана коомдук өнүктүрүү министри Дархан Кыдыралинин катышуусу күтүлүүдө.
Аталган иш-чара январдын аягында Бишкек шаарында өтүүсү күтүлүүдө.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты