Бишкектин борбордук базарларында көчө соодасын кылгандарга айып пул салынды
- 2 месяца мурун
13-декабрда Бишкек мэринин орун басары Рамиз Алиев Аламүдүн жана Орто-Сай базарларында рейд жүргүзгөн. Рейд учурунда аталган базарлардын аймагында мыйзамсыз көчө соодасын жүргүзгөн жана санитардык талаптарды аткарбаган соодагерлерге эскертүүлөр берилип, айып пулдар салынган. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Аламүдүн базарынын аймагында мыйзамсыз соода кылууну жоюу максатында муниципалдык инспекция тарабынан соодагерлерге 100дөн ашуун эскертүү баракчалары берилген. Ал эми эреже бузгандарга 3 миң өлчөмүндө айып пул салынган.
Рамиз Алиев соодагерлер менен жолугушуп, аларга альтернатива катары муниципалдык кызматтардагы бош орундар сунушталган. Мэриянын маалыматында, азыркы учурда муниципалдык ишканаларда 1 400 орундары бар, айлык акы 20 миңден 50 миң сомго чейин жетет.
Ал эми соода ишин улантууга кызыкдар болгондор үчүн базарлардын ичинде соода жайларын берүүгө даярдыгы айтылган.
«Бирок эки сунуш тең четке кагылды. Соодагерлер Аламүдүн базарынын аймагынан тышкары соода кылууга уруксат берүүнү талап кылышты. Мэрдин орун басары Рамиз Алиев мыйзамсыз соода кылууга тыюу салынарын жана бул маселеде мыйзам сакталууга тийиш экенин баса белгиледи»,- деп айтылат маалыматта.
Текшерүү иштери Орто-Сай базарында да жүргөн. Мэриянын маалыматында, айрыкча тез тамак-аш түйүндөрүндө жана эт сатылган жерлерге жакын жайгашкан аймактарда санитардык нормалардын сакталуусу текшерилген.
«Муниципалдык инспекция тарабынан бул аймакка жакын жайгашкан имараттардын, объектилердин ээлерине карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 114-беренесинин негизинде 4 протокол түзүлүп, жалпы суммасы 52 000 сомду түзгөн айыптар салынды»,- деп билдирди мэрия.
Сүрөт: Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы