Чыңгыз Айдарбеков Эл аралык комитеттин төрагасы болуп шайланды

  • 2 года мурун

«Альянс» фракциясынын депутаты Чыңгыз Айдарбеков Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасы болуп шайланды.

Депутат Жанарбек Акаев аталган фракциянын лидери болуп шайлангандыгына байланыштуу комитет төрагалыгын өткөрүп берген.

«Альянс» фракциясынын буга чейинки лидери Алтынбек Сулайманов 24-февралда президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.

45 жаштагы Чыңгыз Айдарбеков 2018-2020-жылдары Тышкы иштер министрлигин башкарган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты