Чудиновду “Курулуп жаткан электр станцияларга” башкы директор дайындоо буйругу жокко чыгарылды

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров Конституциянын 89-беренесинин 3-пунктуна ылайык, энергетика министри Таалайбек Ибраевдин Игорь Чудиновду “Курулуп жаткан электр станциялар” ААК дирекциясынын башкы директору кызматына дайындоо тууралуу буйругун жокко чыгарды.
Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алакөзов билдирди.

Ошону менен бирге, энергетика министрине аталган чечимди кабыл алууда мамлекет башчысына тийиштүү маалымат бербегендиги үчүн эскертүү берилди.

Энергетика министринин башка буйругу менен аталган ишкананын башкы адиси Равшанбек Касымов “Курулуп жаткан электр станциялар” ААК дирекциясынын башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Бүгүн, 14-майда, Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Игорь Чудинов “Курулуп жаткан электр станциялар” дирекциясынын башкы директору болуп дайындалганы белгилүү болгон. 

Игорь Чудинов Беларуста баш калкалап жүргөн мурдагы президент Курманбек Бакиевдин бийлиги тушунда 2007-жылдан 2009-жылга чейин премьер-министр болуп иштеген. 2009-жылдын 6-ноябрында Кыргызстандын өнүктүрүү фондунун башкы директору болуп дайындалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты