Чубак Жалиловго (каза болгондон кийин) «Эл баатыры» жогорку даражасы ыйгарылды

  • 3 недели мурун

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын экс-муфтийи Чубак ажы Жалиловго  «Ак Шумкар» өзгөчө белгисин тапшыруу менен «Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры» жогорку артыкчылык даражасы ыйгарылды (каза болгондон кийин).

Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.  

Маркум Чубак Жалилов диний билим берүүнү жана руханий агартууну өнүктүрүүгө, моралдык-адеп-ахлактык баалуулуктарды калыптандырууга, элдин маданий-диний салттарын сактоого кошкон өзгөчө салымы үчүн сыйланганы белгиленди.

Диний ишмер Чубак Жалилов 2020-жылдын июль айында 45 жашында коронавирустан каза болгон. Ал 1975-жылы 21-январда Ош облусуна караштуу (азыркы Жалал-Абад облусундагы) Базар-Коргон районунун Мундуз айылында мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. 1996-жылы Кыргызстандагы Ислам университетин бүтүргөн. Андан кийин Кыргыз улуттук университетинде араб тилинен сабак берген.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты