Чуңкурчак жайлоосу тарапта тоо боорунан өрт чыкты

  • 1 месяц мурун

Аламүдүн коктусундагы Чуңкурчак жайлоосу тарапта тоонун боорунда кургак чөп жана арчалардан өрт чыкты.

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Өрттү өчүрүүгө саат 12:11де Октябрь райондук №5 өрт-куткаруу бөлүгүнөн бир бөлүм, Аламүдүн райондук №1 өрт-куткаруу бөлүгүнөн авариялык куткаруу унаасы менен 5 куткаруучу жана ӨКМдин Чүй облустук башкармалыгынын башчысынын жетекчилигинде үч кызматкерден турган ыкчам топ жөнөп кетти.

Саат 12:32де Сокулук райондук №23 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 5 куткаруучу, Токой кызматынан 10 кызматкер, жалпы 27 кызматкер кошумча тартылды.

Сүрөт: ӨКМ видеосунан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты