Алматы шаарында «Жамийла» мюзиклинин бет ачары өттү

  • 2 месяца мурун

Чыңгыз Айтматовдун «Жамийла» повестинин негизинде коюлган мюзиклдин бет ачары Алматы шаарында өттү. Мюзикл Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чыгармачыл жамааты тарабынан даярдалып, казак көрүүчүлөрүнө тартууланды.

Мюзиклге Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Марат Иманкулов, Казакстандын мамлекеттик кеңешчиси Ерлан Карин, эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жетекчилери, чыгармачылык интеллигенция, дипломатиялык корпус, массалык маалымат каражаты, мекендештер катышты.

Казакстандын мамлекеттик кеңешчиси Ерлан Тынымбайулы Карин өзүнүн расмий кайрылуусунда эки мамлекеттин маданий кызматташтыгы мындан ары да чыңдала берерин белгиледи.

Марат Иманкулов Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы кыргыз жана казак элдеринин руханий байланышын бекемдөөдө өзгөчө ролду ойной турганын баса белгилеп, Кыргызстанда 2028-жыл Чыңгыз Айтматовдун жылы деп жарыяланганын билдирди.

Ошондой эле Алматы шаарында «Жамийла» мюзиклинин коюлушу боордош эки элдин маданий биримдигинин дагы бир белгиси экенин ырастап, кыргыз чыгармачыл тобуна жана казакстандык уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди.

Мюзикл Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын чыгармачыл жамааты тарабынан даярдалып, казак көрүүчүлөрүнө тартууланды.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты