Филармонияда “Жамийла” мюзикли коюлууда

  • 1 месяц мурун

15-октябрда Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын сахнасында, Чыңгыз Айтматовдун чыгармасы боюнча коюлган “Жамийла” мюзикли экинчи күнү көрармандарга тартууланды.

Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик органдардын жетекчилери менен бирге улуттук мюзиклди көрдү.

«Чыңгыз Айтматовдун романынын негизинде коюлган спектакль классикалык кыргыз адабиятынын заманбап интерпретациясын чагылдырат. «Жамийла» мюзикли театрдын, музыканын жана бийдин элементтерин айкалыштырып, башкы каармандардын терең сезимдерин жана тагдырларын ачып көрсөтөт. Спектакль сүйүү, берилгендик жана кыргыз элинин маданий мурасы сыяктуу маанилүү темаларды камтыйт” деп айтылат  маалыматта.

«Жамийла» мюзикли 17-октябрга чейин коюлат.

Сүрөт: Маданият министрлиги

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты