Чолпон Султанбекова Медер Алиевдин ордуна ЖК комитет башчысы болуп шайланды

  • 1 год мурун

Бүгүн, 1-декабрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Чолпон Султанбекова Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин төрайымы болуп шайланды.

30-ноябрда парламент жыйынында депутат Медербек Алиев Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин төрагалыгын тапшырган. Ал буга Кемпир-Абад маселеси себеп болгонун билдирген. Медер Алиевге чейинки аталган комитет төрагасы Чыңгыз Айдарбеков Кемпир-Абад маселеси боюнча комитет төрагалыгынан чакыртып алынган.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты