Чолпон-Атадагы маданият үйүнүн жери кримтөбөл Камчы Көлбаевдин апасына өтүп кеткен

“Азаттык” медиасы Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында жайгашкан маданият үйү белгисиз жагдайлардан улам жеке тараптарга өтүп кеткени тууралуу материал жарыялады. Андагы маалыматтарда маданият үйүнүн жери “Барашек” кафесине кошулуп, терраса болгону дагы айтылат.

“ПолитКлиника” медиасы кадастрдык документтер аркылуу ал жердин кимге өткөндүгүн аныктап чыкты. 

Чолпон-Атадагы “Барашек” кафесинин жанындагы террасанын жери убагында маданият үйүнүн жери болгон. Жанында мэрияга караштуу китепкана жана тарых музейи жайгашкан. Чолпон-Ата шаарынын мурдагы мэрлери маданият үйү жеке тарапка кантип өтүп кеткенин билбесин “Азаттык” медиасына билдиришкен. 

Чолпон-Атадагы маданият үйүнүн жери кримтөбөл Камчы Көлбаевдин апасына өтүп кеткен
Маданият үйү

“Барашек” кимге таандык?

Кадастрдык документтерге таянсак, “Барашек” кафеси жайгашкан жер “мыйзамдагы ууру” делген Камчы Көлбаевдин апасы Мая Алиевага таандык.

Чолпон-Атадагы маданият үйүнүн жери кримтөбөл Камчы Көлбаевдин апасына өтүп кеткен
Мая Алиева

Мая Алиева бул жерди 2009-жылы Гүлнара Акматбаевадан сатып алган. Аталган документтерге таянсак, бул жер мурда Рысбек Акматбаевдин үй-бүлөсүнө таандык болгон.   

Чолпон-Атадагы маданият үйүнүн жери кримтөбөл Камчы Көлбаевдин апасына өтүп кеткен #75336
Чолпон-Атадагы маданият үйүнүн жери кримтөбөл Камчы Көлбаевдин апасына өтүп кеткен #75493
Чолпон-Атадагы маданият үйүнүн жери кримтөбөл Камчы Көлбаевдин апасына өтүп кеткен #75336 (preview)Чолпон-Атадагы маданият үйүнүн жери кримтөбөл Камчы Көлбаевдин апасына өтүп кеткен #75493 (preview)

“Барашек” кафеси өзүнүн жерин кеңейтип, жанына жайкы террасаны кошкон. Азыр ал жерде курулуш иштери жүрүп жатат.

Чолпон-Атадагы маданият үйүнүн жери кримтөбөл Камчы Көлбаевдин апасына өтүп кеткен
Терассасы

Кадастрдык маалыматтарга ылайык, маданият үйүнүн жери дагы “Барашек” кафесине кошулуп кеткен. Тагыраагы, ал жерге дагы Камчы Көлбаевдин апасы Мая Алиева 2016-жылдан бери ээлик кылып турат.

Чолпон-Атадагы маданият үйүнүн жери кримтөбөл Камчы Көлбаевдин апасына өтүп кеткен

Кызыгы, ал жерге 2015-жылдан 2016-жылга чейин Таластагы Кара-Буура райондук сотунун учурдагы судьясы Асилова Индира Ашимжановна ээлик кылып турган. Биз Индира Асиловага кайрылып, жерди кандайча алып калгандыгын билүүгө аракет кылдык. Бирок ал кайра байланышам деген боюнча материал жарыялаганга чейин байланышкан жок. 

Чолпон-Атадагы маданият үйүнүн жери кримтөбөл Камчы Көлбаевдин апасына өтүп кеткен

Камчы Көлбаев деген ким? 

“Мыйзамдагы ууру” деп таанылган Камчы Көлбаев эл арасында крим чөйрөсүндөгү эң таасирдүү адам катары белгилүү. Камчы Көлбаевди 2012-жылы АКШнын президенти Барак Обама эң чоң баңги төбөл катары «кара тизмеге» киргизген. Ал эми 2017-жылы болсо АКШнын Финансы министрлиги да аны «кара тизмеге» киргизип, Көлбаевди «Братский круг» эл аралык кылмыштуу тобунун бир бөлүгү деп билдирген. 

Ошондой эле, Камчыбек Көлбаевди бажы тармагындагы коррупцияга айыпталган Раимбек Матраимов менен байланышы бар экендиги дагы айтылып келет. 

Бийлик алмашкандан кийин, 2020-жылы 22-октябрда Бишкектеги спорт клубдарынын биринде Камчыбек Көлбаев УКМК тарабынан кармалган. Ал эми 2021-жылы өзү жашаган жери — Чолпон-Ата шаарынан чыкпоо талабы менен үй камагына бошотулган. Бирок, атайын кызматтын маалыматына караганда, 2022-жылдын ноябрь айында “Карасай” чек ара пунктунда, чек ара режимин бузгандыгы үчүн кармалган жана түшүндүрүү иштеринен кийин бошотулган. 

Камчы Көлбаевдин бизнеси жана туугандары

Кызыгы, “Барашектин” жери Камчы Көлбаевдин үй-бүлөсү Акматбаевдерден сатып алган жалгыз мүлк эмес. Буга чейин “Барс” спорттук эс алуу борборун Абдымалик Акматбаевден 2010-жылы Нурбек Көлбаев сатып алган. Кайра жети айдан кийин Нурбек Көлбаев Камчы Көлбаевдин апасы Мая Алиевага белек катары өткөрүп берген. 

Чолпон-Атадагы маданият үйүнүн жери кримтөбөл Камчы Көлбаевдин апасына өтүп кеткен #75339
Чолпон-Атадагы маданият үйүнүн жери кримтөбөл Камчы Көлбаевдин апасына өтүп кеткен #75340
Чолпон-Атадагы маданият үйүнүн жери кримтөбөл Камчы Көлбаевдин апасына өтүп кеткен #75339 (preview)Чолпон-Атадагы маданият үйүнүн жери кримтөбөл Камчы Көлбаевдин апасына өтүп кеткен #75340 (preview)

Ошондой эле, “Клооп” басылмасы Көлбаев менен Матраимовдун байланышы тууралуу иликтөөсүндө Чолпон-Атадагы “Каганат” эс алуу жайы Көлбаевдики экендигин айтат. Андагы маалыматтарга таянсак, «Каганат» – өзгөчө жер. Эс алуучу жайдын интернетте баракчасы тургай, жарнамасы да жок. Президенттин көл жээктерин курчоого тыюу салгандыгына карабастан, “Каганаттын” аймагы курчалып турат. Ал тургай көлдүн үстүндө мончосу да бар. 

Чолпон-Атадагы маданият үйүнүн жери кримтөбөл Камчы Көлбаевдин апасына өтүп кеткен
“Каганаттын» мончо жана спорт клубу

“Азаттыктын” материалында айтылган маданият үйүнүн жери Камчы Көлбаевдин апасы Мая Алиевага өтүп кеткен. Бирок муниципиалдык жер кандай жагдайларда жеке колго өтүп кеткендиги белгисиз бойдон калууда. Чолпон-Ата шаарынын буга чейинки мэрлери дагы маалымат бере алган жок. 

“ПолитКлиника” медиасы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты