Чолпон-Атада турак үйдө жайгашкан чеберканадан өрт чыкты
- 2 года мурун
Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) бүгүн таңда Чолпон-Ата шаарында турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
ӨКМ басма сөз кызматынын маалыматында айтылгандай, өрттү өчүрүүгө бүгүн саат 05:02де Ысык-Көл районунан бир бөлүм, саат 05:22де кошумча бир бөлүм, жалпы эки күжүрмөн эсеп тартылып, өрт саат 07:45те толук өчүрүлдү.
Кырсыктын кесепетинен жалпы аянты 70 чарчы метрди түзгөн чеберкана, укалоо салону, үй бюмдары жана эмеректери күйгөн. Өрттөн жабыркагандар жок, тилсиз жоонун келип чыгуу себептери такталууда.
Сүрөт: ӨКМ видеосунан
Муну бөлүшүү




