Чолпон-Атада турак үйдөн өрт чыгып, бир адам каза тапты (видео)

  • 2 года мурун

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында турак үйдөн өрт чыгып, бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, өрттөн турак үйдүн аянты 50 чарчы метр болгон бөлмөсү толугу менен күйгөн. Анын кесепетинен 1958-жылы туулган эркек киши каза болгон.

Министрликтен билдиришкендей, өрт электр зымдарынын кыска чыңалуусунан келип чыккан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты