Чолпон-Атада түрк тилдүү мамлекеттердин атайын кызматтарынын жыйыны өттү

  • 2 года мурун

26-июлда Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагалыгы алдында Түрк тилдүү мамлекеттердин атайын кызматтарынын XXIV жыйыны өттү.

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Анда кабарлангандай, жыйынга Азербайжан, Казакстан, Түркия, Өзбекстан жана Кыргызстандын атайын кызматтарынын жетекчилери жана өкүлдөрү, ошондой эле Россия менен Венгриянын атайын кызматтарынын делегациялары байкоочу катары катышты.

Жолугушууда Жакынкы Чыгыштагы жана Ооганстандагы террористтик ишмердүүлүк аймагындагы учурдагы кырдаалдын контекстинде түрк мамлекеттеринде коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу жаатында атайын кызматтардын өз ара аракеттенүүсүнүн актуалдуу маселелери каралды.

Конференциянын катышуучулары Афганистандан жана Сириянын куралдуу кагылышуу зонасынан келип чыккан жана терроризмдин жана диний экстремизмдин жайылышына байланыштуу террористтик коркунучтарды локалдаштыруу боюнча жооп кайтаруу жана өз ара аракеттенүү механизмдерин макулдашышты.

Бул жолугушуунун алкагында Кыргыз Республикасынын Президенти түрк тилдүү мамлекеттердин атайын кызматтарынын жетекчилери менен жолугушуусу болду. Садыр Жапаров жолугушуунун катышуучуларына түрк мамлекеттеринин кызыкчылыктарына таасир этүүчү тышкы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы биргелешип иштөөдө атайын кызматтардын тыгыз кызматташуусунун жана күч-аракеттерин бириктирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Мындан тышкары, жолугушуунун катышуучулары тарабынан ачык диалог болуп, угулган баяндамалар боюнча пикир алмашуу болуп, анын жыйынтыгында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча чараларды көрүү чечими кабыл алынды.

Түрк мамлекеттеринин атайын кызматтарынын конференциясы 1998-жылы түзүлгөн. Анын негизги милдети эл аралык мүнөздөгү уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү жаатында жана атайын кызматтардын ишинин макулдашылган башка багыттарында натыйжалуу кызматташууну камсыз кылуу болуп саналат.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты