Чолпон-Атада Кыргызcтандын жана Орусиянын башкы прокурорлору жолугушту

  • 2 года мурун

Бүгүн, 28-июлда, Чолпон-Ата шаарында Кыргыз Республикасынын башкы прокурору Курманкул Зулушев жана Россиянын башкы прокурору Игорь Красновдун жолугушуусу өттү.

Бул тууралуу башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуу учурунда эки өлкөнүн башкы прокурорлору кибер кылмыштуулукка, трансулуттук уюшкан кылмыштуулукка, анын ичинде терроризмге жана диний экстремизмге,  коррупцияга, мыйзамсыз миграцияга жана адамдарды сатууга каршы күрөшүү маселелеринде кызматташтыкты күчөтүү маселеси каралды.

Ошондой эле эки мамлекеттин жарандарынын, анын ичинде эмгек миграциясында жүргөн жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын өз ара коргоо маселелерин талкуулашты.

Сүрөт: Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты