Чолпон-Атада комуз күнүнө карата музыка изилдөөчүлөрдүн эл аралык жыйыны өтөт

  • 2 года мурун

Чолпон-Ата шаарында 4-9-сентябрда комуз күнүнө карата түрк тилдү элдердин салттуу музыка искусствосун изилдөөчүлөрү катышкан эл аралык симпозиум өтөт.

Бул тууралуу маданият, маалмат, спорт жана жаштар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Симпозиум бүгүн, 4-сентябрда, Чолпон-Ата шаарындагы “Рух Ордо” маданий комплексинде ачылып, 9-сентябрга чейин улантылат.

Симпозиумга Кыргызстан, Казакстан, Италия, Венгрия, Финландия, Австрия, Япония, Нидерланды, АКШ, Канада, Улуу Британия, Сербия, Түркия, Азербайжан, Россия Федерациясы, Өзбекстан, Албания, Татарстан, Болгария, Түркмөнстан ж.б. мамлекеттерден келген илимпоздор, салттуу музыка өнөрүн алып жүрүүчүлөр оффлайн жана онлайн катышат.

Ал эми 9-сентябрда Бишкек шаарында, улуттук тарых музейинин алдында комуз күнү белгиленип, чоң программадагы гала концерт менен коштолот.

Президенттин “Комуз күнү жөнүндө” жарлыгына ылайык, 9- сентябрда комуз күнү деп жарыяланган.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты