Чолпон-Атада ажайып көчмө көргөзмө өтүүдө

23 – октябрда Чолпон-Ата шаарындагы мамлекеттик тарыхый-маданий корук музейинде “Искусство-өнөр келечек муундун шам-чырагы” аттуу төрт күндук көчмө-көргөзмө ачылды.
Бул уникалдуу көргөзмө Кыргыз Республикасынын эл сүрөтчүсү, айкелчи О.Мануилованын 130 жылдыгына карата О.М.Мануилова үй-музейинин негизинде «Сорос-Кыргызстан» фондунун колдоосу менен өткөрүлүүдө.
Долбоордун автору Шекербек Ыманбаев айткандай, иш-чаранын негизги максаты коомдун, өзгөчө аймактарда жашаган жаш муундун өнөргө болгон кызыгуусун арттыруу жана өнөр аркылуу өзүн өзү чагылдыра алуусуна өбөлгө түзүү болуп эсептелет.
“Учурда калктын калың катмары искусство-өнөр дүйнөсүнөн алыстап, күнүмдүк турмуш менен алектенип калды. Биздин уюштурган көчмө көргөзмөбүз ушул көйгөйдүн чечилишинин башаты болот деп ишенебиз, — дейт Шекербек, — көркөм өнөр дүйнөсүнө аралашып, чопо менен иштөө жана калем менен сүрөт тартуу техникасын жакындан таанууга чакырабыз.
Бул күндөрү көчмө-көргөзмөнүн алкагында чопо менен иштөө боюнча мастер-класс, калем менен сүрөт тартуу техникасы боюнча мастер класстар өткөрүлөт.
Буга чейин төрт күндүк иш-чара Талас шаарынын тургундары үчүн өткөрүлгөн..

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты