Чолпон-Ата шаарынын экс-мэри бир айга камакка алынды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК)  тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун  лидери, маркум Камчы Көлбаевге Чолпон-Ата шаарындагы 10 млн. сомдон ашык жер тилкесин берүүгө тиешеси бар, шаардын экс-мэри И.Б.Ш. кармалды. Ага кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча айып тагылууда.

Аталган И.Б.Ш.нын үйүн тинтүү учурунда мыйзамсыз сакталган ок атуучу курал ок-дарылары да табылган. Соттун чечими менен Чолпон-Ата шаарынын экс-мэри И.Б.Ш. 1 айга камакка алынды.

Ушундай эле кылмыш ишинин алкагында Ысык-Көл району боюнча «Кадастр» мамлекеттик ишканасынын филиалынын адиси М.Т.Б. кармалган жана Каракол шаарыныны ИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Чолпон-Ата шаарынын экс-мэри бир айга камакка алынды
Чолпон-Ата шаарынын экс-мэри бир айга камакка алынды

Сүрөттөр жана видео: УКМК

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты