Чолпон-Ата шаарында эл аралык марафон уюштурулду 

Бүгүн, 14-майда, Чолпон-Ата шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун (Run the Silk road) эл аралык Ысык-Көл марафону өттү.

Бул тууралуу маданият, маалымат, жаштар саясаты жана спорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.  

Марафондун ачылышында министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кыргыз спортунун тарыхындагы атактуу жөө күлүктөр, 1980-жылдагы Олимпиадалык оюндардын коло медалынын ээси, легендарлуу Сатымкул Жуманазаровду жана Дарья Маслованы белгилеп өттү.

Бул марафон Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында өткөрүлүп, ага 22 өлкөдөн 3 миңден ашык спортчу катышты.

Белгилеп кетүүчү жагдай Ысык-Көл марафону гана Борбордук Азияда “эл аралык” деген статуска ээ. Мында жеңишке жетишкен спортчулар Азия оюндарына, дүйнөлүк чемпионатка жана олимпиада оюндарына катышуу жолдомосуна ээ боло алышат.

Сүрөттөр: Министрликтин басма сөз кызматы.

 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты