Чоң-Арык айылы тараптагы тоо боорунан өрт чыкты

  • 2 года мурун

Кечээ, 16-июлда, Бишкек шаарынын четиндеги, Чоң-Арык айылына жакын жерде тоо боорун өрт чалган.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Чоң-Арык айылына жакын тоо боорунда куураган чөптөн чыккан өрттү өчүрүүгө саат 14:50дө Бишкек шаарынын Ленин районунан, саат 22:37де Сокулук районунан, саат 22:58де Бишкек шаарынан өзгөчө кырдаалдар структураларынан жардам барган.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты