Чоң-Алайдагы Сары-Таш – Кара-Мык жолу кар күрткүдөн тазаланды жана ачылды
- 2 месяца мурун
Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Сары-Таш—Кара-Мык унаа жолунун 116-чакырымында бороондон улам кар күрткүсү пайда болуп, унаа жол жабылган.
Болжол менен үч унаа жолдо туруп калган. Ал жерге Чоң-Алай райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн ыкчам топ, тазалоо иштерин жүргүзүүгө №16 ЖТИден грейдер, жүктөгүч тартылган. Техникалардын жардамында унаа жол тазаланып, жолдо туруп калган унаалар өз багыттары менен кетишкен.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.
Сүрөт: ӨКМ
Муну бөлүшүү