Чикагодо «Kyrgyz Community Center» кыргыз коомдук уюмуна эки боз үй тапшырылды  

  • 8 месяцев мурун

Америка Кошмо Штаттарынын Чикаго шаарында «Kyrgyz Community Center» кыргыз коомдук уюмуна 30-августта эки боз үй салтанаттуу тапшырылды.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Бул керемет боз үйлөр кыргыз диаспорасы менен мекендин ортосундагы байланышты бекемдөө жана колдоо белгиси катары президент Садыр Жапаров тарабынан белекке берилди.

Боз үйлөрдү салтанаттуу тапшыруу аземи кыргыз коомчулугунун борборунда болуп, ага Чикагодогу кыргыз диаспорасынан координаторлор, активисттер жана өкүлдөрү, белгилүү маданият ишмерлери, бизнес өкүлдөрү, журналисттер жана блогерлер катышты.

Кыргыз Республикасынын Чикаго шаарындагы башкы консулу Болотбек Борбиев Садыр Жапаровдун куттуктоо катын окуп, анда жашаган жерине карабастан кыргыздын каада-салтын жана маданий мурастарын сактоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты