ТИМ чет өлкөдө иш издеген жарандарга кылмыш иштеринен сак болууга чакырды  

  • 3 недели мурун

Чет өлкөлөрдө иш издеген жарандарды кылмыш иштерине тартуу учурлары көбөйүүдө. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги жарандарга эскертти.   

Маалыматта айтылгандай, белгисиз адамдар социалдык тармак аркылуу өздөрүн иш берүүчү катары тааныштырып, жогору айлык акы төлөнүүчү жумуштарды сунуштоодо. Бирок жарандар чет өлкөгө баргандан кийин, аталган “иш берүүчүлөр” аларды баңгизатты “бир жерге катып коюучу” же тыюу салынган буюмдарды ташууга мажбурлашып, натыйжада жарандар чет мамлекетте укук коргоо органдары тарабынан кармалууда.

Министрлик ошондой эле көп учурда “иш берүүчүлөр” Кыргыз Республикасынын жарандарына паспорт даярдоого, жол киреге жана башка чыгымдарды жабууга алдын ала акча каражаттарын которуп беришерин маалымдайт.

Бүгүнкү күндө жогорудагы жагдайларга байланыштуу чет өлкөлөрдө ондогон мекендештер кармалган. Мисалы, Беларуста 2026-жылдын акыркы төрт айында гана ондон ашык жаш курактагы адам камакка алынган.

Министрлик Кыргыз Республикасынын жарандарын чет өлкөдө тез жана жеңил киреше табуу боюнча сунуштарга алданып калбоого чакырат. Басым көрсөтүү, коркутуу же ушундай мыйзамсыз иштерге тартуу аракеттери болгон учурда Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарына өз убагында маалымдап, мыйзамсыз аракеттерге катышуудан баш тартуу сунушталат.

Чет мамлекетте оор турмуштук кырдаал жаралган учурда, ошондой эле мыйзамсыз аракеттерге мажбурлоо аракеттери байкалса, жергиликтүү укук коргоо органдарына жана КР ТИМ консулдук департаментине төмөнкү ишеним телефону аркылуу дароо кайрылуу зарыл: +996 999 312 002.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты