Чет өлкөлөрдөгү шайлоо тилкелери

  • 3 года мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы жарыя кылган маалыматтарга караганда, парламенттик шайлоо алдында 29 чет өлкөдө шайлоо тилкелеринин саны 59 га чейин көбөйтүлдү.      

Биринчи жолу чет өлкөлүк 10 шаарда шайлоо участкалары ачылды.

Алар:

  • Россия – Казань, Краснодар, Самара, Томск жана Хабаровск шаарларында;
  • США – Нью-Йорк жана Чикаго шаарларында;
  • Түркия – Анталья шаарында;
  • Италия – Кальяри шаарында;
  • Венгрия – Будапешт шаарында.

Россияда –  20 участок бар:

  • Москва – 6;
  • Санкт-Петербург, Екатеринбург, Новосибирск, Владивосток, Красноярск, Иркутск, Якутск, Южно-Сахалинск, Сургут, Тюмень, Краснодар, Самара, Казань, Томск жана Хабаровск шаарларында бирден участок.

3 участоктон:

  • Германия – Берлин, Франкфурт-на-Майне жана Бонн шаарларында;
  • США –  Вашингтон, Нью-Йорк, Чикаго;
  • Түркия – Анкара, Стамбул жана Анталья шаарларында.

2 участоктон:

  • Италия –Рим жана Кальяри шаарларында.
  • Казакстан – Нур-Султан жана Алматы;
  • Кытай – Пекин жана Гуанчжоу;
  • БАЭ – Абу-Даби жана Дубай шаарларында.

1 участоктон:  

Ашхабад, Баку, Брюссель, Будапешт Вена, Доха, Душанбе, Женева, Исламабад, Киев, Куала-Лумпур, Лондон, Минск, Нью-Дели, Париж, Сеул, Ташкент, Тегеран, Токио, Эль-Кувейт, Эр-Рияд шаарларында.

2021-жылдын 28-ноябры Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.

Жогорку Кеңештин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча), 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого 21 саясий партиянын талапкерлеринин тизмесин каттады.

БШК бир мандаттуу шайлоо округунан 321 талапкерди каттады.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты