Чет өлкөлөрдө 26 миңден ашык Кыргызстандын жараны шайлоого добуш берди
- 1 неделя мурун
Чет өлкөлөрдө добуш берүүгө катышкан Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпы саны 26 066 адамды түздү.
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, чет мамлекеттерде, 34 мамлекеттин 89 шаарында 100 шайлоо участогу иштеди. Сааттык көрсөткүчтөрдөгү айырмачылыктардан улам добуш берүү ар кандай убакытта аяктады. Бишкек убактысы боюнча 1-декабрда саат 10:00гө карата бардык чет өлкөлүк УШКлардын иши расмий түрдө соңуна чыкты. Акыркылардан болуп АКШнын Филадельфия, Чикаго, Вашингтон, Нью-Йорк шаарларында, ал эми эң соңунда Сан-Франциско шаарындагы шайлоо тилкеси эшигин жапты.
“Чет өлкөлөрдө добуш берүүгө катышкан Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпы саны 26 066 адамды түздү (буга чейинки, 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо 9 826 жаран добуш берген).
Добуш берүү процедурасы азыркы мыйзамдарга ылайык, тынч жана конструктивдүү маанайда өттү. Кыргыз Республикасынын жарандары чет өлкөдө жүргөн шартта да өздөрүнүн конституциялык добуш берүү укугун пайдалануу менен жогорку жарандык жоопкерчилик жана жигердүүлүк көрсөтүштү.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин штабы чет өлкөдөгү шайлоо участокторунун ишин күнү-түнү көзөмөлдөп, жарандардын кайрылууларына ыкчам жооп берүүнү камсыздады.
Жарандык парзын аткарган мекендештерибизге, ошондой эле добуш берүү процессин чет өлкөдө камсыз кылуу боюнча ак ниет, так жана жоопкерчиликтүү иш алып барган УШК мүчөлөрүнө жана Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерине терең ыраазычылык билдиребиз” деп айтылат ТИМ маалыматында.
Жогорку Кеңештин VIII чакырылышынын депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого добуш берүү Кыргызстанда 30-ноябрда саат 20:00дө аяктады. Бардык шайлоо тилкелери ишин жыйынтыктады.
БШК парламенттик шайлоонун АСУдан алынган баштапкы жыйынтыктарын жарыялап жатат.
Сүрөт: ТИМ




