Чет өлкөдө иштеген мекендештерибиз Кыргызстандагы долбоорлорго инвестиция салууга кызыгышат. Президенттин кайрылуусу

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров, бүгүн, 18-декабрда, мигранттардын эл аралык күнүнө карата кайрылуу жолдоду.

-Акыркы жылдары чет өлкөлөрдө иштеп жүргөн мекендештерибиз Кыргызстандагы түрдүү долбоорлорго инвестиция салууга чоң кызыгууларын билдирип келишүүдө. Бул – миграция менен өнүгүүнүн ортосундагы ачык-айкын байланыштын далили. Мындай эки тараптуу байланыштар биргелешип өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн жаратары белгилүү.

Өз кезегинде мамлекет мындай демилгелерди кубаттап, бардык шарттарды түзүү аракетинде. Мисал катары 2021-жылдын     29-январындагы “Миграциялык кырдаалды жакшыртууга багытталган чараларды көрүү жөнүндө” Жарлыкты айтууга болот. Ага ылайык 2021-2030-жылдарга Кыргыз Республикасынын миграциялык саясатынын концепциясы бекиген.

Бул документ өлкөдөгү миграция процессин жөнгө салуу маселелеринде узак мөөнөттүү көз карашты туюнтат. Концепция миграция жаатында артыкчылыктуу багыттарды, милдеттерди, максаттардын тутумун өзүнө камтыган жана адам укуктары менен эркиндиктерин сактоого, Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарын коргоого негизделген.

Тиешелүү мамлекеттик органдар чет өлкөлөрдө эмгектенип жүргөн жарандарыбызды, өзгөчө ЕАЭБ аймагында эмгек мигранттарыбызды колдоо үчүн мүмкүн болгон аракеттердин баарын жасоодо жана мындан ары дагы мындай аракеттерин жигердүү улантат.

Ошону менен бирге Кыргызстанда жумуш орундарын түзүп, мекендештерибизди өз Мекенинде, өз үйүндө, балдары менен ата-энелеринин кашында болуп, иштеши үчүн бар күч-аракетибизди жумшайбыз!, -деп айтылат мамлекет башчынын куттуктоосунда.

Расмий маалыматтар боюнча учурда Орусияда миллиондон ашуун кыргызстандык мигрант иштейт. Бейрасмий эсеп менен орус паспортун алган кыргыздардын саны 500 миңге чукул. Кыргызстандыктар АКШ, Канада, Европа, Түштүк Кореяда, Түркияда, Африка өлкөлөрүндө эмгек мигранты болуп жүрүшөт

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты