Чет элдик жаран 10 миң доллар алып жаткан жеринен кармалды

  • 10 месяцев мурун

КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети чет өлкөлүк жаран тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө акча талап кылуу фактысынын алдын алды. Германия жараны «Ф.В.Г.» 10 000 АКШ долларын алып жаткан учурда кармалды.

Маалыматка ылайык, ал Кыргызстандын жараны «Н.М.И.» аттуу инвестордон 6,2 млн доллар акча же Токмок шаарындагы мүлктөрдү өткөрүп берүүнү коркутуу жолу менен мыйзамсыз талап кылган. Бул талаптар инвестор финансылык милдеттенмелерин толук аткарганына карабастан улантылып келген.

Азыркы тапта кылмыштын бардык жагдайларын тактоо боюнча тергөө-ыкчам иштери жүрүп жатат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты