“Чет элдик өкүл” мыйзамын демилгелеген Нарматова Женевада БУУнун жыйынына катышты. Чуулгандуу мыйзамдын автору тууралуу эмнелер белгилүү?

“Чет элдик өкүл” мыйзамын демилгелеген Нарматова Женевада БУУнун жыйынына катышты. Чуулгандуу мыйзамдын автору тууралуу эмнелер белгилүү?

“Чет элдик өкүл” мыйзам долбоорун демилгелеп, жарандык коомдун сынына кабылган Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова БУУнун Женевадагы жыйынына барды. Парламенттин сайтына жарыялангандай, ал Женева шаарына иш сапары менен барып, Бириккен Улуттар Уюмунун Европалык экономикалык комиссиясынын жыйынына катышты. Буга чейин журналисттер Надира Нарматовага бул маселе боюнча кайрылганда ал иш сапары тууралуу кабары жок экенин айткан. Социалдык тармакта бейөкмөт уюмдарынын ишмердүүлүгү чектелери айтылган мыйзам долбоорун сунуштаган депутаттын Батыш өлкөсүнө болгон иш сапарын сындагандар болду.

“Чет элдик өкүл” мыйзамын демилгелеген Нарматова Женевада БУУнун жыйынына катышты. Чуулгандуу мыйзамдын автору тууралуу эмнелер белгилүү?

Мыйзам долбоору тууралуу 

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова демилгелеген “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамына жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү” тууралуу мыйзам долбоору 25-октябрда  Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынган. Бул мыйзам долбоору боюнча, бейөкмөт уюмдар сырттан алган акча кандай максатта колдонулганы жөнүндө тиешелүү мамлекеттик мекемелерге квартал сайын отчёт берип турушу керек. Ал эми жалпы ишмердиги жана башкаруучулары тууралуу жарым жыл сайын отчёт беришет. Мындан тышкары, мыйзам кабыл алынса, бейөкмөт уюмдарга пландалбаган текшерүүлөр болушу мүмкүн. Ошону менен катар эле, Кылмыш-жаза кодексине киргизилип жаткан өзгөртүүлөр боюнча  “жарандык милдеттерин аткаруудан баш тартууга жана башка укукка каршы келген аракеттерге” үгүттөгөн уюмдарды түзгөндөр жана жетектегендер же айып пулга жыгылат, же беш жылга чейин эркинен ажыратылат. Уюмдардын ишине катышкандар же алардын ишин үгүттөгөндөр 10 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Мыйзам долбоорунун кандай коркунучу бар?

Бир канча эл аралык уюм, укук коргоочулар, жарандык коом аталган мыйзам долбоорунун кесепети тууралуу коңгуроо кагып, бийликти аны кабыл алуудан баш тартууга чакырып келет.

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку Комиссарынын басма сөз кызматчысы Равина Шамдасани Кыргызстандын парламентин “чет элдик өкүл жөнүндө” мыйзам долбоорун четке кагууга чакырган. Ал сунушталып жаткан мыйзам долбоору боюнча олуттуу кооптонуулар бар экенин, мыйзам кабыл алынса, ал коомдук уюмдардын ишине терс таасирин тийгизип, сөз эркиндигин жана адамдардын биригүү эркиндиктерин чектерин билдирген.

Эл аралык Журналисттерди коргоо комитети (СPJ) Жогорку Кеңешти Орусиянын репресивдүү мыйзамынын мисалында жазылган талаштуу бул мыйзамды кабыл албоого чакырат.

Юрист Таттыбүбү Эргешбаева парламенттик угуу өтүп жатканда бул мыйзам долбоору эл аралык майданда Кыргызстандын репутациясын түшүрө турганын айткан.

«Сунушталып жаткан мыйзам долбоору Коммерциялык эмес уюмдарга, түздөн түз Кыргызстандын конституциялык гарантияларына көптөгөн чектөөлөрдү алып келет. Кыргызстандын эл аралык майданда репутациясын түшүрөт», — деген Эргешбаева.

Саясий талдоочу Нурсултан Акылбек “ПолитКлиника” медиасына берген маегинде бул мыйзам долбоору кабыл алынса, мамлекетке көп зыянын алып келерин белгилеген. 

«Демилгечи депутаттын кандай мотиви бар экенин мен түшүнбөй жатам. Мыйзам долбоорунун артынан түшүп, ар ким менен эле урушуп жатат. Коммерциялык эмес уюмдар саясатка кийлигишет дейт. Алар саясатка кандай түрдө кийлигишет? Чечимдерди кабыл алганга таасир тийгизип жатабы? Же мамлекетке залакасы тие турган иш кылып жатабы? Ушундай суроолор көп. Бирок мындай суроолорго жооп жок. Бизде коммерциялык эмес уюмдардын ар тармакта таасири күчтүү. Булардын башкы максаты — мыйзамдуулук. Бийлик же башка тараптан мыйзамсыздык болсо көтөрүп чыгышат. Менин оюмча, коммерциялык эмес уюмдар стабилдүүлүктү күчөтө турган өлкөдөгү чоң бутак. Мамлекет аларга тоскоолдук кылса көйгөйлөр жаралат«, — деди Нурсултан Акылбек.

Бул мыйзам долбоору Орусиянын мыйзамына абдан окшош 

“ПолитКлиника” медиасы сунушталып жаткан мыйзам долбоорун анализдеп, Орусиянын четтен каржыланган бейөкмөт уюмдарды “тыңчы” катары таануу боюнча мыйзамына жана Надира Нарматованын 2013-жылкы мыйзам долбооруна окшош экендигин аныктап чыккан. Долбоордун көпчүлүк бөлүгү Орусиянын “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамына абдан окшош экени белгилүү болгон. Алсак, бейөкмөт уюмдардын каржы булактары жөнүндөгү берененин дээрлик бардык пункттары Орусиянын мыйзамына окшош экенин көрүүгө болот. 

“Чет элдик өкүл” мыйзамын демилгелеген Нарматова Женевада БУУнун жыйынына катышты. Чуулгандуу мыйзамдын автору тууралуу эмнелер белгилүү?

“Адилет” укуктук клиникасы бул мыйзам долбоорду Орусиянын “Чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзамына 98 пайызга окшош экенин аныктаган.

Бул мыйзам Орусияда 2012-жылы кабыл алынган. Орусияда алгач “чет элдик агент” деп юридикалык жактар, мисалы ЖМКлар гана аталса, 2020-жылдын соңунан баштап, жарандыгына карабастан жөнөкөй жарандар да “чет элдик тыңчы” катары тааныла баштаган. Азыркы учурда бул мыйзам менен ар бир жаран кандайдыр бир жолдор аркылуу (жөнөкөй сүйлөшүүдөн башка) маалымат таратса, чет өлкөлүк же орусиялык компания менен каржылык байланышы болуп, андан кандайдыр бир материалдык баалуулуктарды алса ал “чет элдик ЖМК агенти” катары таанылышы мүмкүн. Бул мыйзам бир нече жолу сынга алынып, укук коргоочулар бейөкмөт уюмдар менен журналисттерди куугунттуктоонун, оозун басуунун жаңы куралы деп аташкан.

Чуулгандуу мыйзам долбоорунун демилгечиси тууралуу эмнелер белгилүү?

Нардира Нарматова Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынан депутат. Ал жеке компанияларда иштеп, директорлук кызматтарды да аркалап келген. 2010-жылы Жогорку Кеңештин бешинчи чакырылышынын депутаты болуп шайланган. 

“Трансформаторду алып келип койгула!”

2020-жылы 4-октябрдагы шайлоодон кийин Надира Нарматованын үнүнө окшогон аудио тараган. Анда “Айнагүл, трансформаторду жүктөп берип койгун Сайдакмат ака барат. Добуш беришпегенден кийин не кереги бар?! Мени сыйлабагандан кийин, өздөрүнөн көрсүн. Мен айтканымды жасадым, анан, силер сыйлабасаңар силерге эмнеге 400 миңдик трансформаторду бериш керек?”, — деп айтылат аудиодо. Өзү бул боюнча комментарий берип, бул аудиого тиешеси жок экенин айткан.

Оштогу Орусиянын консулдугунун имараты Надира Нарматовага таандык 

Фейсбук колдонуучусу “Оштогу Орусиянын консулдугу жайгашкан имарат Жогорку Кеңештин чуулгандуу депутаты Надира Нарматовага таандыкпы?” деген суроо менен иликтөөчү журналисттерге кайрылган. “ПолитКлиника” медиасы Орусиянын Ош шаарындагы консулдугун имараты Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматовага таандык экенин аныктап чыккан.

Журналисттин колунан микрофонду жулуп алганга аракет кылган

2022-жылы Жогорку Кеңештин имаратында Надира Нарматова менен   SuperTV каналынын журналисти Тахмина Кенжебек кызынын ортосунда пикир келишпестик чыккан. Анда журналист Жогорку Кеңештеги ашкана тууралуу сюжет даярдап жатканын эскерткенде, тамактанып жаткан депутат Надира Нарматова “Ушул кылганыңар жакшыбы, аппаратыңарды коюп алып… Эмне депутаттар уруулук кылып жатабы? Элдин өкүлүбүз элдин алдында жумушубузду жасап жатабыз” деп айтканда журналист микрофонду депутатка сунат. Ал журналисттин колунан микрофонду жулуп алганга аракет кылганын видеодон көрүүгө болот. Бул окуядан кийин журналистти парламенттин имаратына киргизбей койгону белгилүү болот. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Эркинбек Каимов “Азаттыкка” билдиргендей, телеканалдын кызматкерлерин сүйлөшүүгө чакырганда келбей койгон.

“Делимитация жана демаркация”

Надира Нарматова чек ара маселеси боюнча да Фейсбукта “делимитация жана демаркация” деген сөздөрдү ката жазганы үчүн да сынга алынган. 

“Чет элдик өкүл” мыйзамын демилгелеген Нарматова Женевада БУУнун жыйынына катышты. Чуулгандуу мыйзамдын автору тууралуу эмнелер белгилүү?

Быйыл октябрь айында 24.кг сайтына Надира Нарматова менен Cаламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин видеосу жарыяланган. Анда Нарматова Бейшеналиевден тууганын жумушка алууну суранган. 

“Клоопко” берген маегинде Нарматова Бейшеналиев менен жеке маселелер боюнча сүйлөшкөнүн билдирди.

«Алымкадыр Бейшеналиев жеке иштери тууралуу айтып жаткан. Мен буга эч кандай маани берген жокмун, мен жөн гана адамдай болуп, анын жанында жүргөн жардамчысы менен сүйлөштүм. Жумушка орношуу өтүнүчүм боюнча бир да сөз жок. 24.kg’нин журналисти маңдайымда отурганда жумуш сураган мен келесоомунбу? Жөн эле жазып жатышат», — деди депутат.

Министр Нарматованын тууганы боюнча жооп берген. Бейшеналиевдин айтымында, ал ага жөн гана жиберип турган.

«Билбейм, жөн эле жиберип койдум. Кардиологияда, кардиотерапияда кадрлар жетишсиз, кызматкерлердин баары кетип, жеке менчикке өтүп кетип, коомдук иштерде иштөөнү каалашпайт. Ал жаш окшойт, билбейм. Баары дал келеби деп директорго жөнөттүм. Азыр ал жерде кызматкерлерге “ачарчылык” болуп жатат. Кичинеден чоң маселе чыгаруу… Мен бул нерсени түшүнгөн жокмун», — деди ал.

Надира Нарматова Женевага иш сапары менен барары тууралуу “кабарым жок” деп эмнеге жашырганы суроо жаратат. Социалдык тармактарда анын иш сапары талкуу жаратууда. Бирок азырынча депутат бул тууралуу эч кандай билдирүү жасай элек.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты