Аты башка, заты бир. Надира Нарматованын дагы бир плагиат мыйзамы 

21-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн жана мамлекеттик каттоону жөнгө салган “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө”  мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүүнү демилгеледи.

Сунушталып жаткан долбоордо “Чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюм” деген түшүнүк киргизилген. 

“ПолитКлиника” медиасы сунушталып жаткан долбоорду анализдеп, Орусиянын четтен каржыланган бейөкмөт уюмдарды “тыңчы” катары таануу боюнча мыйзамына жана Надира Нарматованын 2013-жылкы мыйзам долбооруна окшош экендигин аныктап чыкты. 

2013-жылы сунушталып, колдоо таппаган долбоор 

“Чет элдик тыңчылар” жөнүндөгү мыйзам долбоору 2013-жылы ошол учурдагы депутаттар Турсунбай Бакир уулу, Нуркамил Мадалиев жана Надира Нарматова тарабынан Жогорку Кеңешке сунушталган. Мыйзам долбооруна ылайык, “саясий ишмердүүлүк менен” алектенген коммерциялык эмес уюмдар “чет элдик тыңчы” макамын алышат. Бирок ошол эле маалда мыйзам долбоорунун авторлору “саясий ишмердүүлүк” түшүнүгүнө так аныктама бере алышкан эмес. 

Долбоордун авторлорунун бири Турсунбай Бакир уулу 2015-жылы “Азаттык” радиосуна берген маегинде, бул мыйзам долбоору өлкөнүн саясий турмушуна түздөн-түз аралашып жүргөн 10 чакты гана бейөкмөт уюмга коркунуч жаратарын, калган уюмдар эч кооптонбой эле чет элден гранттарын алып, ишмердүүлүгүн уланта берерин белгилеген. Бирок ал 10 уюмдун атын да так айтып бере алган эмес. Ал эми ошол учурда Кыргызстан боюнча 1997-жылдан 2014-жылга чейин 5800дөн ашуун бейөкмөт уюм катталган болчу. 

Сунушталган долбоор боюнча “Фридом Хаус” уюму, активисттер жана эксперттер  бул мыйзам долбоордо кооптуу нормалар камтылып, сөз эркиндигине жана жарандык коомдун өнүгүшүнө коркунуч жаратарын белгилешкен. Ал эми бир катар демократияны коргогон уюмдар бул мыйзам кабыл алынса, Кыргызстандагы сөз эркиндигине чоң доо кетерин эскертишкен. 

Бул мыйзам долбоорун 2016-жылы Жогорку Кеңештин жыйынына катышкан 111 депутаттын 65и каршы добуш берип, артка кайтарышкан. Талкууга катышкан көпчүлүк депутаттар мыйзам долбоору жарандык коомчулукту чектеп, Кыргызстандын кадыр-баркына доо кетирерин билдиришкен.

2013 жана 2022-жылдагы мыйзам долбоорунун окшоштуктары 

Надира Нарматова 2021-жылы “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынын курамы менен Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайлангандан кийин “Чет өлкөлүк тыңчы” мыйзам долбоорун сунуштап, ошондой эле, көз карандысыз “Клооп”, “Азаттык”, “Кактус Медиа” сыяктуу медиалардын жабылышына чакырган бир топ демилгелерди көтөргөн. 

Ал эми 2013-жылы сунуштаган «Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоору менен 2022-жылы сунушталып жаткан долбоордун арасында да бир топ окшоштуктар бар. 

2013-жылы Надира Нарматова жана Турсунбай Бакир уулу сыяктуу депутаттар сунуштаган бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгү боюнча долбоорду “Конституциялык мыйзамдар боюнча комитети” анализдеп чыккан. 

Долбоордо чет өлкөлүк уюмдар каржылаган өкмөттүк эмес уюмдарга “Чет өлкөлүк тыңчы” макамын берүү, жана алар жалпыга маалымдоо каражаттары же интернет тармагы аркылуу таркатылып жаткан ар бир материалында “бул материалдар “чет элдик агенттин” функцияларын аткаруучу коммерциялык эмес уюм тарабынан жарыяланды” деп белгилөөгө тийиш болгон.

Аты башка, заты бир. Надира Нарматованын дагы бир плагиат мыйзамы 

Ал эми 2022-жылы кайрадан сунушталган долбоордо “Чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюм” деген түшүнүк киргизген. “Чет элдик өкүлдөрдүн” катарына Кыргызстанда “саясий ишмердүүлүктү” жүргүзгөн чет мамлекеттерден же эл аралык уюмдардан каражат алган Кыргызстандагы коммерциялык эмес уюмдар кирери белгиленген. Долбоордун маалымкат негиздемесинде бейөкмөт уюмдарга “өлкөнүн ички саясатына кийлигишкен топтор” деп негативдүү аныктама берилген. Башкача айтканда, мурдагы долбоорго салыштырмалуу “Чет элдик тыңчы” деп белгиленбесе да ишмердүүлүгү боюнча чет элден каржыланган уюмдарга карата терс маанай көрсөтүлгөн. 

Аты башка, заты бир. Надира Нарматованын дагы бир плагиат мыйзамы 

2013-жылы сунушталган мыйзам долбоорунда “Чет элдик тыңчынын” ролун аткарган бейөкмөт уюмдар өз иши, башкаруу органдарынын жеке курамы жөнүндө отчетторду жарым жылда бир жолу, ал эми акча каражатын сарптоо жана башка мүлктү пайдалануу максатында документтерди квартал сайын берүүгө милдеттүү болору белгиленген.

Дал ушундай эле норма 2022-жылдагы мыйзам долбоорунда да бар. Жаңы долбоорго ылайык, “чет элдик өкүл” делгендер ар бир жарым жылда бир жолу өз ишмердүүлүгү тууралуу отчет берип турушу керек. Анда уюштуруучулар жана мүлктүн курамы тууралуу маалыматтар камтылат. Эгерде бейөкмөт уюмдар жана “чет элдик өкүлдөр” тарабынан мыйзам бузуулар аныкталса, мамлекеттик орган жазуу жүзүндө эскертүү берери айтылат. Ал эми “саясий ишмердүүлүк” менен алектенген уюм “чет элдик өкүлдөрдүн” реестрине киргизүү үчүн арыз бербесе, ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аймактык тескөөчүлөрдүн ишин 6 айга чейин токтото турууга укуктуу.

Нарматова “Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” жана “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө” мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү менен бирге Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштоодо. Мыйзам долбооруна ылайык, ишмердүүлүгү “жарандарга зомбулук көрсөтүү же алардын ден соолугуна башка зыян келтирүү” менен алектенген уюм 500дөн 1000ге чейинки эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүндө айып салынат же беш жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат.

Башкача айтканда, 2013-жылы демилгеленген мыйзам долбооруна салыштырмалуу, жаңы долбоор Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү да караган. 

Бул БӨУлардын ишмердүүлүгүнө тиешелүү мыйзам чыгаруу демилгесинин субъекттеринин биринчи демилгеси эмес. Ноябрдын башында президенттик администрация коммерциялык эмес уюмдар тууралуу мыйзам долбоорун коомдук талкууга койгон. Документке ылайык, бейөкмөт уюмдардын тизмесин түзүү, “чет элдик бейөкмөт уюм” түшүнүгүн киргизүү жана бейөкмөт уюмдарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттин ыйгарым укуктарын кеңейтүү пландалууда. Бир катар эл аралык уюмдар бул демилгеге тынчсыздануусун билдирип, документти чакыртып алууга үндөштү.

Орусиянын 2012-жылы кабыл алынган мыйзамына абдан окшош

Четтен каржыланган бейөкмөт уюмдарды “тыңчы” катары таануу боюнча мыйзам Орусияда 2012-жылы кабыл алынган. Орусияда алгач “чет элдик агент” деп юридикалык жактар, мисалы ЖМКлар гана аталса, 2020-жылдын соңунан баштап, жарандыгына карабастан жөнөкөй жарандар да “чет элдик тыңчы” катары тааныла баштаган.

Азыркы учурда бул мыйзам менен ар бир жаран кандайдыр бир жолдор аркылуу (жөнөкөй сүйлөшүүдөн башка) маалымат таратса, чет өлкөлүк же орусиялык компания менен каржылык байланышы болуп андан кандайдыр бир материалдык баалуулуктарды алса ал “чет элдик ЖМК агенти” катары таанылышы мүмкүн.

Бул мыйзам бир нече жолу сынга алынып, укук коргоочулар бейөкмөт уюмдар менен журналисттерди куугунтуктоонун, оозун басуунун жаңы куралы деп аташкан.

Аты башка, заты бир. Надира Нарматованын дагы бир плагиат мыйзамы 

“Чет элдик тыңчы” деп табылган тарап бир катар тоскоолдуктарга кабылат жана кандай гана болбосун билдирүлөрүн “Бул кабар чет өлкөлүк тыңчы тарабынан жарыяланды” деп жазууга мажбур болот. “Чет элдик тыңчы” тизмесине киргендер ишмердүүлүгүн мыйзам талап кылгандай так кабарлабаса беш жылга чейин эркинен ажыроо коркунучу бар.

Надира Нарматова сунуштап жаткан мыйзам долбоорунда дагы ишмердүүлүгүн мыйзам талап кылгандай так кабарлабаса беш жылга чейин эркинен ажыратуу бар.

Орусияда “чет элдик агент” статусу дээрлик 10 жылдан бери иштеп келет. Бул убакыттын ичинде 14төн ашуун ЖМК, ошондой эле ЖМК менен байланышы бар адамдарга иш козголгон. Мындан сырткары биринчи төрт жылда эле «чет элдик агент» деп таанылган 148 уюмдун 27си ишин токтотууга аргасыз болуп, көз карандысыз жана чуулгандуу иликтөөлөрдү жасап жүргөн бир катар журналисттер өлкөдөн кетүүгө мажбур болушкан. 

Орусиянын Ош шаарындагы консулдугун имараты Надира Нарматовага таандык

Буга чейин “ПолитКлиника” медиасы Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова 2009-жылдан бери Орусиянын Ош шаарындагы консулдугуна К.Бобулова 77 дарегинде жайгашкан имаратты ижарага берип жүргөнүн аныктаган. 

Аты башка, заты бир. Надира Нарматованын дагы бир плагиат мыйзамы 
Аты башка, заты бир. Надира Нарматованын дагы бир плагиат мыйзамы 

Мындан сырткары  “ПолитКлиника” Депутат Надира Нарматова демилгелеген “Чет өлкөлүк агент” мыйзам долбоорунун мазмунун дагы анализдеп көргөн. Жыйынтыгында мыйзам долбоору Орусиянын дал ушундай эле мыйзамынан көчүрүлүп алынганы далилденген. 

Жыйынтык: Депутат Надира Нарматова 2013-жылы демилгелеп өтпөй калган мыйзам долбоорун кайра, 2022-жылы сунуштап жатканы чындык. Кызыгы, ал мыйзам долбоору дагы Орусиянын мыйзамына окшош. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты