Эргешбаева: «Чет элдик өкүл» мыйзамы эл аралык майданда Кыргызстандын репутациясын түшүрөт»

  • 9 месяцев мурун

Бүгүн, 17-октябрда Жогорку Кеңеште “Чет элдик өкүл” мыйзамы боюнча парламенттик угуу өтүүдө. Юрист Таттыбүбү Эргешбаева бул мыйзам долбоору эл аралык майданда Кыргызстандын репутациясын түшүрө турганын айтты.

«Сунушталып жаткан мыйзам долбоору Коммерциялык эмес уюмдарга, түздөн түз Кыргызстандын конституциялык гарантияларына көптөгөн чектөөлөрдү алып келет. Кыргызстандын эл аралык майданда репутациясын түшүрөт. Корутундуларга көңүл буруп коюңуздарды суранат элем. Эң биринчиси Акыйкатчы институтунан берилген корутунду. Экинчиден, Жогорку Сот менен Башкы прокуратура берген корутунду.

Бейөкмөт уюмдар 4 отчёт тапшырат, ошонун бири Салык кызматынын сайтына кирип көрсөңүздөр болот. Бардык маалымат эл үчүн жарыяланган. Ошондуктан бул сунушталып жаткан мыйзам долбоору Кыргызстандын репутациясын төмөндөтүүгө алып барат», — деди Эргешбаева.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты