Саясий талдоочу «Чет элдик өкүл» тууралуу мыйзам кабыл алынса мамлекетке зыяны көп болорун айтты

  • 8 месяцев мурун

Саясий талдоочу Нурсултан Акылбек «ПолитКлиника» медиасынын Тет-а-Тет программасынын кезектеги чыгарылышынын коногу болду. Ал Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматованын «Чет элдик өкүл» тууралуу мыйзам долбоору боюнча суроого жооп берди.

Анын айтымында, бул мыйзам долбоору кабыл алынса мамлекетке зыяны көп болорун айтты.

«Демилгечи депутаттын кандай мотиви бар экенин мен түшүнбөй жатам. Мыйзам долбоорунун артынан түшүп, ар ким менен эле урушуп жатат. Коммерциялык эмес уюмдар саясатка кийлигишет дейт. Алар саясатка кандай түрдө кийлигишет? Чечимдерди кабыл алганга таасир тийгизип жатабы? Же мамлекетке залакасы тие турган иш кылып жатабы? Ушундай суроолор көп. Бирок мындай суроолорго жооп жок. Бизде коммерциялык эмес уюмдардын ар тармакта таасири күчтүү. Булардын башкы максаты — мыйзамдуулук. Бийлик же башка тараптан мыйзамсыздык болсо көтөрүп чыгышат. Менин оюмча, коммерциялык эмес уюмдар стабилдүүлүктү күчөтө турган өлкөдөгү чоң бутак. Азыр коммерциялык уюмдардын зыянын көрө элекмин. Бул жерде отчёттуулук керек деп жатышат. Булардын отчёту ачык-айкын. Донорлор акча бөлсө тыйынынан бери эсептеп чыгышат. Бул мыйзам кабыл алынса мамлекет тарабынан чоң басым болот. Биздин мамлекеттин көп тармактары донорлордон көз каранды. Мыйзам кабыл алынса алар программаларын жаап коюшу мүмкүн. Бул күчтүү, интеллектуалдык жактан өнүккөн ресурс. Муну мамлекет колдонушу керек. Мамлекет аларга тоскоолдук кылса көйгөйлөр жаралат», — деди Нурсултан Акылбек.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты