Челябинскиде кыргызстандык жаран жол кырсыгынан каза тапты

  • 1 месяц мурун

29-мартта Челябинск-Троица унаа жолунун 93-чакырымында Кыргыз Республикасынын жарандарынын катышуусунда жол кырсыгы болгон. Анын кесепетинен 1973-жылы туулган Кыргызстандын Ж.Г.М. аттуу жараны алган жаракаттан улам окуя болгон жерден каза тапкан.

Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Кыргыз Республикасынын Екатеринбург шаарындагы башкы консулдугу каза болгон жарандын жакындары менен байланыш түзүп, консулдук-укуктук жардам көрсөткөнү айтылат. Учурда маркумдун сөөгүн Кыргызстанга жеткирүү маселеси иштелүүдө.

Сүрөт: Түштүк Урал автоинспекциясы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты