«Чек талап кылып, байге утуп ал». Лотереяда 10 батир, 20 электромобиль жана башка белек ойнотулат

  • 1 год мурун

Мамлекеттик салык кызматы жарандарды «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясына жигердүү катышууга чакырат.

Лотереяда 2376 баалуу байге ойнотулат, анын ичинен байгелер – 10 батир жана 20 электромобиль.

Башкы байгелерден тышкары 1000 даана iPhone 14, 1000 даана Xiaomi смартфону, Дубайга 6 жолдомо (эки кишилик), 300 ноутбук, 40 даана Dyson стайлери ойнотулмакчы.

Лотереянын байге фонду республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттардын эсебинен түзүлдү.

2023-жылы 2 утуш өткөрүлөт. Биринчиси 1-июлда, экинчиси 30-декабрда өтөт.

Лотереяга катышуу үчүн товар же кызмат сатып алууда фискалдык модуль менен ККМден гана кассалык чекти талап кылуу зарыл. Андан кийин кассалык чекти «Салык чек» мобилдик тиркемеси аркылуу сканерден өткөрүү керек.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты