“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун жетекчиси Кристоф Делуар дүйнөдөн кайтты

  • 2 месяца мурун

“Чек арасыз кабарчылар” уюмунун башчысы Кристоф Делуар 8-июнда мезгилсиз, 53 жашында дүйнөдөн кайтты. Ал онкологиялык дарт менен жабыркан жүргөн.   

Бул тууралуу аталган уюмдун билдирүүсүндө кабарланды.

“Кристоф Делуар маалыматтык башаламандык учурунда дүйнө жүзүндө эркиндиктин, көз карандысыздыктан жана плюрализмдин талыкпас жактоочусу болгон” деп айтылат ал тууралуу.

Кристоф Делуар “Чек арасыз кабарчылар уюмун 2012-жылдан бери жетектеп келген. Уюм цензурага каршы күрөшүп келет, жыл сайын басма сөз эркиндигинин рейтингин түзөт, куугунтукка алынган журналисттери коргоп жана колдоп келет.

“Чек арасыз кабарчылар” уюмуна чейин Делуар ARTE жана TF1 телеканалдарында, Le Point басылмасында иштеген, ошондой эле журналисттерди даярдоо борборунун директору болгон.

Сүрөт: Интернет булактарынан 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты