Чек арага чектеш аймактардагы  айылдардын аксакалдары жолугушту

  • 2 года мурун

Баткен облусунун Баткен районунун Көк-Таш, Ак-Сай, Таш-Тумшук айылдарынын аксакалдары менен Тажикстандын Согди облусунун Чорку жамаатынын Самонен, Майский кыштагынын аксакалдары жолугушту.

Бул тууралуу Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Мындай жолугушуулар эки элдин ортосундагы карым-катнашты бекемдөө максатын көздөйт. Жолугушууда эки тараптын аксакалдары эзелтеден бери кошуна, бир арыктан суу ичерин белгилешип, биримдикте жашоо керектигин билдиришти.

Аксакалдардын жолугушууларына Баткен райондук ИИБ башчысы Алмазбек Шагамурзаев менен Согди облусунун Исфара-2 РИИБнин начальниги Анвар Рахманзода, Ворух ички иштер бөлүмүнүн башчысы Миролизода Субхан коопсуздукту бирге камсыздоо, туруктуулукту сактоо максатында катышууда.

Сүрөт: Баткен ИИБ басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты