Чек арада куралдуу жаңжалдан жабыркаган ишкерлерге жеңилдик берилет

  • 2 года мурун

Экономика жана коммерция министрлиги 14-17-сентябрдагы чек арадагы куралдуу жаңжалда жабыркаган ишкерлерди салыктан убактылуу бошотууну сунуштоодо.

Министрлик коомдук талкууга алып чыккан долбоорго ылайык, ишкерлер быйылкы жылдын сентябрынан тартып, 2014-жылдын 1-январына чейин салыктын бардык түрүнөн (кошумча нарк салыгынан тышкары) бошотулат.

2024-жылдын 1-январына чейин камсыздандыруу төлөмдөрүнөн толугу менен бошотулат.

Бул жеңилдиктер Мамлекеттик салык жана социалдык камсыздандыруу мекемелеринде 2022-жылдын 1-сентябрына чейин каттоого турган, 14-17-сентябрда куралдуу жаңжал болгон аймактардагы ишканаларга берилет. Булардын арасында тоо-кен өндүрүшүндө жана күйүүчү май сатуучу ишканалар жок. Ошондой эле бул жеңилдик куралдуу кагылышуу болбогон аймактардагы ишканаларга да берилбейт.

14-17-сентябрдагы чек арадагы куралдуу кагылышуудан жабыркаган ишканаларды жер жана мүлк салыгынан бошотуу жергиликтүү кеңештерге сунушталууда.

Финансы министрлиги Социалдык фонддогу кемиген каражаттын ордун толтуруу милдети тапшырылат.

Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусунан 640 турак жай зыян тарткан. Анын 423ү такыр жашоого жараксыз болуп калган, 217 үй оңдолуп-түзөлүшү керек.

Андан сырткары, 11 административдик, стратегиялык объектилер, 323 мал сарай, сегиз мектеп, эки бала бакча, үч фельдшердик-акушердик пункт зыян тарткан. 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объектилер талкаланып, өрттөлгөн. Ак-Суу дарыясындагы узундугу 36 метрлик унаа өтүүчү көпүрө жардырылып, 27 автоунаа өрттөлгөн же талкаланган. Кыргыз бийлиги жаңы үйлөрдү эки-үч айда курууну убада кылууда.

Министрлер кабинети  Баткенге жалпысынан 3 миллиард сом бөлүнгөнүн маалымдаган.  

Сүрөт: Медиа штаб.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты