Чек арачылар үчүн 1 миллиард 240 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн

  • 1 месяц мурун

Чек арачылардын социалдык абалын жакшыртуу жана башка курулуш иштерине 1 миллиард 240 миллион сомдон ашык бөлүнгөн.

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-декабрда, Ысык-Көл облусуна болгон жумуш сапарынын жүрүшүндө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын Байсары уулу Кыдыр аке атындагы жаңыланган №2028 аскер бөлүгүнө барганда билдирди.

“Мына бүгүн мамлекеттик чек арабыздын 676 километрин түзгөн тилкесин кайтарган аскер бөлүк жаркыраган жаңыланган абалга келип олтурат” деди президент.

Президенттин басма сөз кызматынын маалыматында айтылгандай, президент чек арачылардын социалдык абалын, турак-жайын жакшыртуу жана башка курулуш иштерине 1 миллиард 240 миллион сомдон ашык акча каражаты бөлүнгөнүн баса белгиледи.

Президент 51 миллион сомдон ашкан акча каражатына алынган 30 даана “JAC” маркасындагы жол тандабас жаңы авто унааларын тапшырды. Буга чейин биринчи жарым жылдыкта жалпы наркы 43 миллион сомдон ашкан 25 даана ушул эле маркадагы жол тандабас берилген.

Садыр Жапаров чек арабыздын бек корголушу үчүн мамлекет мындан ары дагы Чек ара кызматын ар тараптан колдоону уланта турганын баса белгиледи.

Чек арачылар үчүн 1 миллиард 240 миллион сомдон ашык каражат бөлүнгөн

Сүрөттөр: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты