Чек ара кызматынын эки кызматкери кармалды
- 2 месяца мурун
Чек ара кызматынын эки аскер кызматкери кармалды. Алар чет элдик жарандан көп өлчөмдө акча алышып, ага өлкөнүн аймагында жасаган укук бузуулары үчүн тергелип жаткан кылмыш ишинен жашырынуу максатында Кыргызстандын чек арасын мыйзамсыз кесүүгө көмөк көрсөтүшкөн.
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди.
Маалыматта айтылгандай, чет мамлекеттин жараны Кыргызстандын аймагындагы ири суммадагы акча каражатын төлөө боюнча милдеттенмелерден качуу максатында жана ага Кыргызстандын чегинен тышкары чыгууга убактылуу чектөө бар экенин билип туруп, К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү болуп саналган кыргызстандык жаран А.Т. менен сүйлөшүп алып, ири өлчөмдөгү акчалай сыйлык берүү үчүн бул ишке айрым чек арачыларды тартуу менен Кыргызстандын чегинен тышкары чыгууну көздөгөндүгү аныкталган.
Учурда кармалгандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Сүрөт: УКМКнын басма сөз кызматы