Чек ара кызматы: Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу  

  • 1 год мурун

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча жергиликтүү калк арасында чындыкка дал келбеген маалыматтар тарап жатканына байланыштуу, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы 22-мартка карата абал туруктуу экенин маалымдады.  

“Күч түзүмдөрү мамлекеттик органдар менен бирдикте абалдын туруктуу болушуна багытталган иш-чараларды өткөрүүдө. Чек араны биргелешип кайтарууну жакшыртуу максатында Кыргызстандын чек ара өкүлдөрү Тажикстандын өкүлдөрү менен ар кандай деңгээлдеги жолугушууларды өткөрүп турушат. Акыркы мезгилде жергиликтүү калктын арасында такталбаган жана чындыкка дал келбеген маалыматтар таркаган учурлар көбөйүүдө. УКМК Чек ара кызматы жарандарды ар кандай ушак-айындарга жана ызы-чууга алдырбоого чакырат. Кандайдыр бир суроо жарала турган учурда жарандар жакынкы чек ара бөлүмдөрүнө кайрылуулары зарыл” деп айтылат маалыматта.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты