Чек ара кызматы: Чоң-Алайда жана Баткен облусунда кырдаал чыңалган бойдон турат
- 2 года мурун
17-сентябрь саат 21:00гө карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын Ош облусунун Чоң-Алай районундагы жана Баткен облусундагы тилкесинде кырдаал чыңалуу бойдон сакталып турат.
Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы маалымдады.
Саат 19:00дө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Карамык жерлигиндеги кыргыз чек арачыларынын позицияларын аткылоо токтотулду.
Саат 21:00дө Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара ведомстволорунун жетекчилеринин кезектеги жолугушуусу «Гулистон-авто жол» өткөрмө бекетинде өткөрүлдү. Азырынча анын жыйынтыгы айтыла элек.
Кыргызстандын Чек ара кызматы 16-сентябрда тажик тарап ок атышууну баштаганын билдирген.
Чек ара жаңжалынан жабыркагандардын саны 122ге жетти.
Саламаттык сактоо министрлиги 17-сентябрь, саат 01.30га карата Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы кагылышта ылайык, 24 киши каза таап, дагы 87 киши жарадар болгонун билдирди.