Чехиянын университетиндеги аткылоо терроризм же уюшкан кылмыштуулукка байланыштуу эмес

  • 4 месяца мурун

Чехиянын премьер-министри Петр Фиала Карл университетиндеги аткылоо терроризмге же уюшкан кылмыштуулукка байланыштуу эмес экенин билдирди.

Кечээ, 23-декабрда, Чехияда студенттин аткылоосунан шейит кеткендерди эскерүү, улуттук аза күтүү күнү жарыяланган.    

Бейшемби күнү, 21-декабрда, Карл университетинин философия факультетинин 24 жаштагы студенти Давид Козак 14 кишини, анын ичинде студенттер менен окутуучуларды атып өлтүргөн. Дагы 25 кишини жарадар кылган, алардын арасынан 11и оор абалда экени кабарланды.

Массалык кыргын уюштурган студент да каза тапкан. Ал өзүн-өзү өлтүрдүбү же полиция тарабынан жок кылындыбы, такталып жаткандыгы маалымдалды.

Полиция массалык кыргындан каза болгондордун аты-жөнү белгилүү экенин маалымдады, азырынча айтыла элек.

Студент аудиториядагы студенттер жана окутуучуларга ок чыгаргандан кийин, университеттин жанында өтүп бараткан адамдарга да ок чыгарган.

Полициянын айтымында, ал адамдарды аткылоого алдын ала даярданган. Массалык кыргын алдында ал атасын өлтүргөн болушу мүмкүн деп болжолдоодо.   

Студенттин массалык кыргын уюштуруусунун себеби такталып жаткандыгы кабарланды.   

Сүрөт: AP

 

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты