Алматы зоопаркында Прагадан алып келинген ак аюу өлүп калды

  • 2 месяца мурун

Алматыдагы зоопаркта марттын аягында Прагадан алып келинген Том аттуу 16 жаштагы ак аюу өлүп калды. Бул тууралуу Прага зоопаркынын директору Мирослав Бобек «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Билдирүүдө аюу 4-майда эле өлгөнүн, бирок Алматы аэропорту бул жөнүндө аларга 22-май күнү эртең менен гана кабар бергени белгиленген. Казак тарап аюунун өлүмүнө «мурундун былжыр жана некротикалык заттар менен толук бүтөлүп калышынан улам маңдай жана мурун көңдөйлөрү сезгенип, мээсинин шишип кеткени» себеп болгонун билдирген.

«Бул узакка созула турган оору. Аюу сиздердин зоопарктан эле оорулуу келген экен. Анын ичин көз карандысыз эксперт, илимий-изилдөө институтунун патологиялык анатомия кафедрасынын профессору ачып көрдү. Анда тартылган бардык сүрөттөр жеткиликтүү. Бардык материалдар сиздерге жөнөтүлөт» деп жазылган Алматы зоопаркынын билдирүүсүндө.

Прага зоопаркы аюу Казакстанга оорулуу абалда жөнөтүлгөнүн четке кагууда. Мирослав Бобек аюу 28-мартта Алматыга «дарттын эч кандай белгиси жок» жөнөтүлгөнүн белгиледи.

«Биз анын абалы жөнүндө акыркы жолу 15-апрелде маалымат алганбыз. Анда аюунун абалы жакшы экени жазылган. Андан бери эч кандай билдирүү келбей калгандыктан, Казакстанга өз кызматкерлерибизди жөнөтүүнү чечкенбиз. Бирок 22-майда Алматы зоопаркы Том өлгөнүн билдирди. Алар бизден анын өлүмүн эмнеге 18 күн жашырганын түшүнбөй турам. Томдун өлүмү боюнча ачык тергөө жүрүшүн талап кылабыз жана шектенүүлөрүбүздү EAZA’га (Зоопарктар менен аквариумдардын европалык ассоциациясы), Чехиянын Казакстандагы элчилигине жана Казакстандын Чехиядагы элчилигине жөнөтөбүз» деп жазды Бобек.

Азырынча бул боюнча Алматы зоопаркы да, EAZA’нын өкүлдөрү да расмий комментарий бере элек.

Том Чехиянын Брно шаарында 2007-жылы туулуп, Прага зоопаркында 15 жылдан ашык жашаган. Өткөн жылы анын жанындагы Берта аттуу ургаачы аюу рактан өлүп калган. Алардын мамалактуу боло албаганы 1933-жылы курулган капастын өтө тар экендиги менен түшүндүрүлгөн.

Бул окуядан кийин EAZA’нын сунушу менен Томду Казакстанга которуу чечими кабыл алынган. Ассоциациядан Алматы зоопаркында Томдун шарттары кыйла сапаттуу болуп, ал мамалактуу боло алат деп эсептешкен.

Бүгүнкү күндө Прага зоопаркында ак аюулар үчүн жаңы павильон куруу пландалууда. Бул үчүн 1 миллиарддан ашык евро бөлүндү.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты