Чечмеде булакты Өзбекстанга берүүгө каршылар бийликке кайрылды

  • 1 год мурун

15-ноябрда Кадамжай районундагы Чечме айылынын тургундары кыргыз-өзбек чек арасындагы Чечме булагынын жанына чогулушту.

Алар Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын тактоо жөнүндө эки тараптуу келишимде «Чечме булагы Өзбекстанга берилет» деген маалыматка нааразы болуп чыгышканын айтып, булакты берүүгө каршы пикирлерин айтышты.

Акциянын катышуучусу, Чечме айылдык кеңешинин төрагасы Садык Саламовдун «Азаттыкка» билдиргени боюнча, Чечме булагы жайгашкан жер талаштуу тилкеде эмес:

«Бул биздин жер. Коңшу Өзбекстандын эли Чечменин суусунан каалашынча эле пайдаланып келишкен. Бир тыйын акы сураган эмеспиз. Жогорку Кеңештеги депутаттарыбыз өзүнүн кызыкчылыгы үчүн иштебесин, эртең элдин алдына келерин ойлосун. Биз аларды «жер сат же жер ал» деп шайлаган эмеспиз, «биздин мекендин бүтүндүгүн коргоп бер» деп шайлаганбыз. Биздин бул жерге, сууга, ата-бабаларыбыздын сөөгү жаткан көрүстөндөн, бул жерде бир нече кылымдан бери иштеп келе жаткан тегирменге чейин мыйзамдаштырылып, мамлекеттик акт түзүлгөн»деди Саламов.

Жергиликтүү элдин маалыматына караганда, аймакта 1,5 миңдей адам жашайт.

Чогулгандар мамлекет башчы Садыр Жапаровго, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевге жана Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жолдошту. Анда бийликтен өлкөнүн бүтүндүгү үчүн туура чечим кабыл алууну суранышты.

15-ноябрда Жогорку Кеңештин тармактык комитети Кыргызстан менен Өзбекстандын өз ара чек ара тактоо, Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу жөнүндө мыйзам долбоорун жактырды.

Депутаттарга Жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Абдулат Мырзаев мыйзам долбоору тууралуу маалымат берди.

Андан бир күн мурда өзбек парламентинин Мыйзам чыгаруу палатасы бул долбоорлорду үч окууда бир карап, колдоп берген. Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов Фергана облусундагы Сох районунда жайгашкан, өз убагында эки өлкөнүн ортосунда катуу чырга себеп болгон Чечме булагы боюнча өкмөттөр аралык бүтүм чыгаруу макулдашылганын, анда булакты бирге пайдалануу, тазалоо жана башка маселелер жөнгө салынат деп белгилеп, аны тараптар өзүнчө макулдашарын айткан.

Кадамжайдын Чечме айылы Кыргызстанда анклав болуп жайгашкан Өзбекстандын Сох району менен чектешет. Анклавда 80 миңдей киши жашайт.

2020-жылы, 31-майда Кадамжайдын Чечме айылы менен Өзбекстандын Сох районунун Чашма айылынын жашоочуларынын ортосунда булак талаштын айынан жаңжал чыккан. Эки тараптан ондогон кишилер жабыркаганы кабарланган.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты