Чаткалда мыйзамсыз алтын казуу иштери боюнча кылмыш иши козголду

  • 1 год мурун

Чаткал райондук прокуратурасы тарабынан “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлүп, алтын казуу иштери боюнча кылмыш иши козголду.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүүдө “Чаткал” токой чарбасы мекемесинин кызмат адамдары мыйзам талаптарын одоно түрдө бузуп, Чаткал районундагы “Каратюбе-Бузук” участогунан жер казынасын пайдалануу жөнүндөгү лицензиясында көрсөтүлгөн 24,07 га жер аянтынын ордуна, жалпы 42,9 га жер аянтына “Э” ЖЧКсы менен 2026-жылдын 15-июнуна чейин ижара келишимин түзүп, 18,83 га жер аянтын ашыкчв ижарага беришкендиги аныкталган.

Мындан сырткары, “Э” ЖЧКсы алтын кенин иштетүүдө “Жер казынасы жөнүндө” мыйзамынын талаптарын бузуу менен лицензиялык уруксат берилген аянттан тышкары 1,50 га жер тилкесинде алтын казуу иштерин мыйзамсыз жүргүзүп келген.

Аталган факты боюнча Чаткал райондук прокуратурасы кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянат пайдалануу”) жана 218-беренеси (“Мыйзамсыз ишкердик же банктык иш”) менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты