Чаткалда кар көчкү түштү
- 2 года мурун
Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун аймагындагы Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырым аралыктарында кар көчкү (көлөмү 7725 м3) түшүп, каттам жабылган.
Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлининин (ӨКМ) басма сөз кызматы кабарлады.
Жолду толук ачуу иштери жүрүп жаткандыгы маалымдалды.
Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы.
Муну бөлүшүү