Чаткалда дайынсыз болгон жарандын сөөгү табылды  

  • 1 год мурун

Жалал-Абад облусунун Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл өкмөтүнүн Кайың-Суу айылынын 1971-жылы туулган жараны М.К. дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

12 куткаруучу издөө иштерине саат 09:00дө тартылган. Аталган жарандын сөөгү саат 09:30да Чаткал дарыясынын Кайың-Суу тилкесинен табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы (ӨКМ) билдирди.

Сүрөт: ӨКМ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты