“Чакан жана орто ишкердик субъекттерин колдоо жөнүндө” жарлыкка кол коюлду

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров чакан жана орто ишкердик субъекттерин колдоо жөнүндө жарлыкка  кол койду.

Жарлыкта айтылгандай, күйүүчү-майлоочу материалдарды, дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды өндүрүүчүлөрдөн, импорттоочулардан, дистрибьюторлордон жана аларды саткан субъекттерден тышкары соода ишинин субъекттери үчүн контролдук-кассалык машиналарды жана/же электрондук эсеп-фактураларды милдеттүү колдонгон шартта төмөнкүдөй өлчөмдө бирдиктүү салыктын төмөндөтүлгөн ставкасын белгилөө каралды:

а) 0,5 пайыз – жылдык жүгүртүүсү 30,0 млн сомго чейин;

б) 1 пайыз – жылдык жүгүртүүсү 30,0 млн сомдон 50,0 млн сомго чейин;

– сатуудан алынуучу салыктын ставкасын жогорулатууну:

а) 3 пайызга чейин – салыктын төмөндөтүлгөн ставкасы менен бирдиктүү салык жана патент боюнча иш жүргүзгөн субъекттердин дарегине товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу учурунда;

б) 4 пайызга чейин – жеке белгилери көрсөтүлбөгөн субъекттердин дарегине товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатуу учурунда;

– салык салуунун патенттик системасына тиешелүү иштин түрлөрүн оптималдаштыруу;

– орточо айлык эмгек акысынын деңгээли жалпы республика боюнча эмгек акынын орточо деңгээлинен 50 пайыздан жогору болгон ишканалар жана уюмдар боюнча маалыматтарды эске албастан, тандалган салык режимине карабастан жеке ишкерлер үчүн (кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ижарага берген, тигүү жана текстиль өндүрүшүндө иштегендерден тышкары) камсыздандыруу төгүмдөрүнүн тарифтеринин ставкаларын Кыргыз Республикасынын райондору жана шаарлары боюнча орточо айлык эмгек акынын өлчөмүнөн 6 % өлчөмүндө белгилөө каралды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты