“Үчүнчү өлкө рынокторуна бирге чыгуу мүмкүндүгүн издөө зарыл». Акылбек Жапаров Бердымухамедов менен жолугушту

  • 2 месяца мурун

Бүгүн, 24-майда, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына катышуусунун алкагында Ашхабад шаарында Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту.

Бул тууралуу Министрлер кабинети сайтында билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Акылбек Жапаров эки өлкөнүн ортосундагы соода экономикалык алаканы күчөтүү, транзиттик транспортту өркүндөтүү, электро энергияны импорттоо жана башка эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн аспектилерине токтолду.

«2023-жылы эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 63 млн 546 миң долларды түздү. Ошол эле учурда кыргыз-түркмөн мамилелеринин пайдаланылбаган олуттуу соода-экономикалык жана инвестициялык потенциалы бар. Өз ара алакалардын көлөмүн мындан ары да көбөйтүү жана спектрин кеңейтүү, үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна биргелешип чыгуу мүмкүнчүлүктөрүн издөө зарыл деп эсептейм» деди Акылбек Жапаров.

Өз кезегинде Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов эки өлкөнүн ортосундагы өз ара пайдалуу кызматташууларды мындан ары өнүгүшүнө кызыктарлыгын белгиледи.

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты