Чүйдө ачык аянтта куураган камыштан өрт чыкты

  • 1 год мурун

Бүгүн, 19-мартта Чүй районундагы Арал айылынын жана Ысык-Ата районунун Гидростроитель айылынын ортосунда ачык аянтта куураган камыштан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Өрттү өчүрүүгө жерине Токмок шаардык №21 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, Чүй райондук №24 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, Ысык-Ата райондук №4 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, жалпы 3 күжүрмөн эсеп тартылды.

Ошондой эле жерине өрт өчүрүү иштерин координациялоо максатында ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу тартылган жана кошумча өрттү өчүрүүгө Ысык-Ата райондук №27 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 5 куткаруучу, Токмок шаардык №21 ӨКБдан 19 куткаручу жана Кемин райондук №5 ӨКБдан 4 куткаруучу, жалпы 28 куткаруучу тартылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты