Чүй облусунда эки баласын өлтүрүүгө шектүү аял кармалды
- 10 месяцев мурун
Чүй облусунда эки баласын өлтүрүүгө шектүү аял кармалды. Эки наристенин бычактан алган жаракаттан каза болгону боюнча билдирүү 2025-жылдын 12-сентябрында саат 19:28 чамасында ички иштер органдарына түшкөн.
Окуя болгон жерде 2013-жылы туулган кыз жана 2023-жылы туулган баланы жансыз денелери табылган. Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси («Киши өлтүрүү») менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.
Балдардын энеси — М.М. аттуу жаран шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды. Тиешелүү экспертизалар дайындалып, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Муну бөлүшүү




